Коом
Кытайдын коргоо министри иш сапары менен Кыргызстанга келди

Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Ал 28-апрелде Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышат.
Жогорку даражалуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргызстандын коргоо министри Руслан Мукамбетов тосуп алды.



