Спорт
Кыргызстандык волейболчулар Кытайда өткөн мелдеште жеңишке жетишти

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Кытайда өткөн кезектеги мелдеште жеңишке жетишкенин спорт федерациясы билдирди.
Биздин команда казакстандык команда менен беттешип, 3:0 эсебинде чечкиндүү жеңишке жетишти.
Буга чейин кыргызстандык волейболчулар Гонконгду (3:0) жана Орусияны (3:2) жеңип, бирок Кытайдын курамасына утулуп калган.
Медалдар үчүн төрт команда ат салышууда: Казакстан, Кытай, Кыргызстан жана Орусия.
Кыргызстандын атынан Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын курама командасы катышууда, курама команданын бир нече оюнчулары менен бекемделген.



