Окуялар
Нарында Кызарттын белинде эки жеңил унаа кагышып, жети жаран жабыркады — ФОТО

Нарын облусундагы Кочкор-Чаек унаа жолунун 55-чакырымда (Кызарт белинде) KIA-K5 унаасы менен Subaru-Legasy үлгүсүндөгү унаалары сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Ведомствонун маалыматында айтылгандай, 19-сентябрь күнү катталган жол кырсыгынын кесепетинен жети жаран (эки эркек, беш аял) ар кандай жеңил жаракат алышкан.
Жеринде төрт куткаруучу жабыркаган адамдарды унаалардан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.





