Маданият
Борбор Азиянын Эл аралык бий олимпиадасы Бишкекте өтөт

Иш-чара 5-7-июнга белгиленгенин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ыылайык, 10 өлкөдөн 5 миңден ашык адамдын катышуусу күтүлүүдө. Бийчилер ар кандай стилдеги спектаклдерди тартуулашат: классикалык жана фольклордон баштап контемпорари жана поп.
Белгиленгендей, олимпиада эл аралык тажрыйба алмашуу, таланттарды өнүктүрүү жана кесиптик өсүү үчүн аянтча болуп саналат.



