Чет тилдерин үйрөнүү мээге кам көрүүнүн эң пайдалуу жолу

Чет тилдерин үйрөнүү — мээнин саламаттыгына кам көрүүнүн эң жеткиликтүү жолдорунун бири, дейт невролог Галина Чудинская.
Дарыгердин түшүндүрмөсүнө караганда, адамдын мээси пластикалык касиетке ээ: жүктөмдүн таасири алдында ал спорт залдагы булчуңдар сыяктуу өзгөрөт. «Жаңы тилди үйрөнгөндө сүйлөө, эс тутум жана көңүл буруу үчүн жооп берген аймактарда жаңы нейрондук байланыштар түзүлөт. Ошондой эле мээнин эки жарым шарын байланыштырган “көпүрө” — мээнин каллозалдык денеси активдүү иштей баштайт», — деди адис.
Чудинскаянын айтымында, адам эне тилинен чет тилине өткөн сайын мээси татаал “машыгуу” жасайт: ал бир эле учурда эки тилдин сөздөрүн, үндөрүн жана грамматикалык эрежелерин кармап турат, бир тилди басаңдатып, экинчисин активдештирет. Невролог белгилегендей, бул убакыттын өтүшү менен көңүл топтоону, маселелерди чечүүнү жана ашыкча маалыматты иргеп алууну жакшыртат.
Дарыгер ошондой эле көптөгөн эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, кеминде эки тилде эркин сүйлөгөн адамдар деменция жана Альцгеймер оорусу сыяктуу ооруларга орто эсеп менен бир тил билгендерге караганда 4–5 жыл кечирээк кабылышарын кошумчалады.



