Коом

Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр менен жаныбарларды саткандарды 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда

Кыргызстанда Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү дары-дармек өсүмдүктөрүн жана жаныбарларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кылмыш жоопкерчилигин киргизген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документте Кылмыш-жаза кодексине жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Долбоорго ылайык, сейрек кездешүүчү жапайы дары өсүмдүктөрүн мыйзамсыз чогултуу, сактоо, ташуу, кайра иштетүү жана сатуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Мындай аракеттер үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул, түзөтүү иштери же эки жылга чейин эркиндигин чектөө сунушталууда.

Эгер мыйзамсыз чогултулган чийки заттын көлөмү ири деп табылса, жаза беш жылга чейин эркинен ажыратууну түзүшү мүмкүн. Ал эми өсүмдүктөрдүн популяциясын жок кылуу, кылмышты адамдар тобу болуп жасоо же өзгөчө ири өлчөмдө жасоо учурларында сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жана чийки затты, транспортту, жабдууларды конфискациялоо каралган.

Ошондой эле Кыргызстандагы Кызыл китепке кирген сейрек жаныбарларды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча өзүнчө берене киргизилүүдө. Ага жаныбарларды мыйзамсыз кармоо, сатып алуу, сатуу, багуу, ташуу жана почта аркылуу жөнөтүү, ошондой эле алардын бөлүктөрү менен туундуларын жүгүртүү кирет.

Мыйзам бузгандарга административдик айыптар да каралган. Жеке жактар үчүн айып пул 100 эсептик көрсөткүчтү, юридикалык жактар үчүн 50 миң сомду түзөт жана чийки зат конфискацияланат. Эгер мыйзам бузуу кайталап жасалса, айыптар эки эсеге көбөйөт.

Учурдагы Кылмыш-жаза кодексинде Кызыл китепке кирген сейрек жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарларды же өсүмдүктөрдү жок кылуу үчүн гана жоопкерчилик каралган. Анда 200 миң сомго чейин айып пул жана өзгөчө оор зыян келтирилсе беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button