Коом

Бишкекте алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүүгө тыюу салынды

Бишкек шаарында 11-майдан тарта алты көрүстөндө маркумдарды жерге берүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады.

Чечим санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо, ошондой эле мүрзөлөрдө бош жердин жоктугуна байланыштуу кабыл алынган. Бул чаралар Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундусунун негизинде киргизилди.

Сөөк коюуга тыюу салынган көрүстөндөр төмөнкү даректерде:

-Ыбырайым Абдрахманов жана Абдрашит Бердибаев көчөлөрүнүн кесилишинде;

-Энесай конушундагы Орхон жана Энесай 11 көчөлөрүнүн кесилишинде;

-Көк-Жар конушундагы Фёдор Достоевский жана Арстанбап көчөлөрүнүн кесилишинде;

-Орто-Сай аймагындагы Мамбет Иманалиев көчөсүндө;

-Лермонтов жана Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде;

-Төмөнкү Ала-Арча айылында Кыргыз көчөсү менен Түндүк айланма жолунун кесилишинде.

Бишкек мэриясы элди киргизилген чектөөлөрдү эске алууга чакырып, жаңы көмүү үчүн бөлүнгөн мүрзөлөр боюнча маалымат алуу үчүн тиешелүү муниципалдык ишканага кайрылууну сунуштады.

Тектеш кабарлар

Back to top button