Пекинде Си Цзиньпин менен Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү башталды

АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга расмий сапар менен барды. Бул — америкалык лидердин Пекинге 2017-жылдан берки алгачкы сапары. Ошол жылы Трамп президенттик шайлоодогу жеңишинен кийин Кытайга келген болчу.
Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтындагы Эл өкүлдөр жыйынынын үйүндө Кытай төрагасы Цзиньпин менен Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү башталды.
Трамп Кытайга болгон сапарын чоң сыймык деп атады. Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда «мыкты келечек» болоруна ишеним билдирди.
«Сиз улуу лидерсиз. Мен баарына сиздин улуу лидер экениңизди айтып жүрөм. Айрымдарга менин мындай сөздөрүм жакпай калышы мүмкүн, бирок бул чындык болгондуктан айта берем», — деди Трамп Сиге.
«Муну тарыхтагы эң ири саммит болушу мүмкүн деп айтып жатышат… Сиз менен бирге болуу мен үчүн чоң сыймык. Сиздин досуңуз болуу мен үчүн сыймык жана Кытай менен АКШнын мамилеси мурдагыдан да жакшы болот», — деди Трамп.
Өз кезегинде Си Цзиньпин 2026-жыл АКШ менен Кытайдын мамилеси үчүн тарыхый жана маанилүү жыл болушу керектигин айтты.
«Кытай менен АКШ “Фукидид тузагын” жеңип чыгып, ири державалар ортосундагы мамиленин жаңы үлгүсүн түзө алабы; дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чечүү жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн биргелешип аракет кыла алабы; эки элдин жыргалчылыгы, адамзаттын келечеги үчүн жоопкерчиликти бирге көтөрө алабы — бул тарыхтын, тынчтыктын жана элдин суроолору», — деди ал.
«Бул биздин доордун суроолору жана аларга биз, ири державалардын лидерлери катары, чогуу жооп жазышыбыз керек».
Си Цзиньпин Трампты жана АКШны Американын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен куттуктап, эки өлкөнү кызматташууга чакырды.
«Мен ар дайым Кытай менен АКШнын ортосундагы жалпы кызыкчылыктар пикир келишпестиктерден жогору турат деп эсептейм. Бир тараптын ийгилиги — экинчи тарап үчүн мүмкүнчүлүк. Туруктуу кытай-америка мамилеси дүйнө үчүн пайдалуу», — деди ал.
«Эки тарап кызматташса — экөө тең утат, ал эми кармашса — экөө тең жабыркайт. Биз атаандаш эмес, өнөктөш болушубуз керек. Бири-бирибиз үчүн ийгилик жаратып, чогуу өнүгүп, жаңы доордогу ири державалар ортосундагы туура мамиленин жолун ачышыбыз зарыл».
Учурда эки лидердин жолугушуусу жабык эшик артында уланууда.



