Куба бийлиги өлкөдө күйүүчү майдын запасы толугу менен түгөнгөнүн жарыялады

Кубада күйүүчү майдын запасы толугу менен түгөндү. Бул тууралуу 13-майда өлкөнүн энергетика жана тоо-кен өнөр жай министри Висенте де ла О Леви билдирди.
Дүйнөлүк ЖМКлар жазгандай, АКШ тарабынан мунай жеткирүүгө киргизилген блокаданын фонунда өлкө акыркы ондогон жылдардагы эң ири электр энергиясын өчүрүү кризисине туш болду.
«Бизде таптакыр күйүүчү май да, дизель да калган жок», — деген министрдин билдирүүсүн Reuters агенттиги таратты.
Анын айтымында, өлкөнүн энергетикалык системасы учурда өтө оор абалда жана эч кандай резерв жок.
Министрдин маалыматына ылайык, ушул аптада өлкөдө жарык өчүрүүлөр кескин көбөйүп, борбор шаар Гаванада жана ага жакын аймактарда электр энергиясы суткасына 20-22 саатка чейин өчүрүлүүдө. Мындан тышкары, азык-түлүк жана дары-дармек тартыштыгы да күчөгөн.
Азыркы учурда Кубанын энергосистемасы өзүнүн мунайы, жаратылыш газы жана кайра жаралуучу энергия булактары менен гана иштеп жатат. Министрдин айтымында, өлкө күйүүчү май импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатат. Бирок дүйнөлүк рынокто мунай баасынын өсүшү бул аракеттерди татаалдаштырууда.
Акыркы эки жыл ичинде өлкөдө 1300 мегаватт электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү күн панелдери орнотулган. Бирок күйүүчү май жетишсиз болгондуктан, энергосистеманын туруксуздугу бул кубаттуулуктун көбүн пайдаланууга тоскоол болууда.
Министр белгилегендей, Куба декабрь айынан бери күйүүчү май албай калган. Буга чейин негизги мунай жеткирүүчүлөрдүн бири Венесуэла болгон. Бирок кийин экспорт токтотулган.
13-май күнү кечинде Гаванада жарыктын үзгүлтүксүз өчүрүлүшүнө каршы нааразылык акциялары өттү. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, жүздөгөн тургундар көчөлөрдү күйүп жаткан таштандылар менен тосуп, «Жарыкты күйгүзгүлө!» жана «Бириккен элди эч ким жеңе албайт!» деген ураандарды кыйкырышты.
Ошондой эле борбор калаанын ар кайсы аймактарында тынч митингдер уюштурулуп, бул акциялар азыркы энергетикалык кризис башталгандан берки эң ири нааразылык катары бааланууда.
Өткөн жумада Бириккен Улуттар Уюму АКШнын Кубага каршы мунай блокадасын мыйзамсыз деп атап, бул чара куба элинин өнүгүү, азык-түлүк, билим берүү, саламаттык сактоо жана таза суу алуу укуктарын бузуп жатканын билдирген.



