Коом

Өлкөдө бардык бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылды

Өлкөдөгү бардык жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө күбөлүк жана аттестаттар тапшырылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл 11-классты 80 миңден ашык, ал эми 9-классты 136 миңден ашык окуучу аяктап жатат.

Алардын ичинен 11-класстын 4089 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 5694 бүтүрүүчүсү артыкчылык тууралуу документке ээ болушту.

Тектеш кабарлар

Back to top button