Саясат

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев стратегиялык өнөктөштүктү талкуулашты

Садыр Жапаров Түркстанга болгон иш сапарынын алкагында Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда лидерлер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин жана эки тараптуу мамилелердин динамикалуу өнүгүп жатканын белгилешти.

Маалыматка ылайык, тараптар соода, инвестиция, энергетика, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлорго, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурушту.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана негизги багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты.

Ошондой эле президенттер аймактагы туруктуулукту, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн биргелешкен аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тектеш кабарлар

Back to top button