Саясат

Борбордук шайлоо комиссиясынын курамы кыскартылып, иш тартиби өзгөрдү

Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, БШКнын курамы 12ден сегизге чейин кыскартылды.

«Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү жана чечим кабыл алуу тартиби такталып, жөнгө салынды. Өзгөртүүлөр шайлоо жана референдумдарды ыкчам, натыйжалуу өткөрүү, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасындагы бюрократияны азайтуу максатын көздөйт», — деп айтылат маалыматта.

Бирок кайсы тартиптер өзгөргөнү так жазылган эмес.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 22-апрелде кабыл алынган.

2021-жылы беш жылга шайланган Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн мөөнөтү июнь айында аяктайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button