Саясат
Саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды айкалыштырууга убактылуу уруксат берилет

Эми саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлегендерге эки ишти айкалыштырууга убактылуу уруксат берилет. Тиешелүү жарлыккка президент Садыр Жапаров кол койду.
Документке ылайык, айрым жетекчилер президенттин чечими менен бир жылдык мөөнөттө кошумча кызматтарды айкалыштыра алышат. Алар президенттин атайын өкүлү, кеңешчиси же жардамчысы болуп дайындалышы, ошондой эле атайын инвестициялык аймактардын жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашырган уюмдардын башкаруу органдарына кириши мүмкүн.
Жарлыкта мындай кызматтарды айкалыштыруу коомдук негизде болору, башкача айтканда, эмгек акы төлөнбөй турганы белгиленген.



