КоомОкуялар

Баткенде жубайлардын ортосундагы пикир келишпестик өлүм менен аяктады

Каргаша 2-январда Кадамжай районунун Ирелеш айылында болгон. Милицияга аялдын сөөгү табылганы тууралуу маалыматты тез жардам бөлүмүнүн дарыгери кабарлаган. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө ошол күнү жубайлар жолдо баратып уруша кетип, күйөөсү аялын муунтуп салганы аныкталган. Тилекке каршы, 22 жаштагы келин жеринде каза болгон. Ошондой эле анын денесинен сабалган жарааттар табылган.

Кылмышка 32 жаштагы күйөөсү шектелип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

Жубайлар биринчи топтогу майып (дулөй, дудук) экени, эки кызды тарбиялап жатканын айтылды. Маркумдун туугандарынын айтымында, күйөөсү аялын мурун да ур-томокко алып жүргөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button