Коом
22-майга карата аба ырайы

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25,
Таласта +18…+23,
Нарын менен Ысык-Көлдө +15…+20 градус жылуу болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү +23…+25 градуска жетет.



