Коом

«Кумтөрдө» сейрек кездешүүчү ак тырмактуу Теңир-Тоолук аюу катталды

«Кумтөр» кенинин аймагында алгачкы жолу Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген күрөң аюунун сейрек түрчөсү — ак тырмактуу Теңир-Тоолук аюу катталды.

Адистердин айтымында, бул жырткычтын пайда болушу кендин концессиялык аймагында жаныбарлардын жашоосу үчүн ыңгайлуу шарттар бар экенин көрсөтөт.

Сарычат-Эрташ мамлекеттик жаратылыш коругу берген маалыматка ылайык, коруктун аймагында ак тырмактуу Теңир-Тоолук аюунун саны 17 башты түзөт. Ошондуктан анын «Кумтөр» аймагында катталышы илимпоздор жана адистер үчүн өзгөчө кызыгууну жаратты.

Бул жаныбар мамлекет тарабынан коргоого алынган жана ага аңчылык кылууга катуу тыюу салынган.

Белгилей кетсек, буга чейин «Кумтөр» аймагында көп жылдан кийин кайрадан ак куулар байкалган. Ошондой эле жакында кенге жакын жайгашкан Соок ашуусунун аймагында Кыргызстанда биринчи жолу дүйнөдөгү эң сейрек турналардын бири болгон кара моюн турна катталган.

Сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулардын байкалышы Борбордук Теңир-Тоонун бийик тоолуу аймактарында алардын жашоосу үчүн жагымдуу экологиялык шарттар сакталып жатканын тастыктайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button