Таласта катуу шамал бир катар турак үйлөрдүн жана имараттардын чатырын учуруп кетти

Кече, 1-июнда Талас облусунда катталган катуу шамал бир катар турак үйлөрдүн жана имараттардын чатырын учуруп кетти. Маалыматты ӨКМдин облустук башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, шамалдан улам Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн, «Аква» лабораториясынын жана «Эконом» дүкөнүнүн чатырлары учкан. Ал эми Манас көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры кулап, жол жээгинде токтоп турган эки унааны басып калган.
Мындан тышкары, Талас районунун Көк-Токой айылында эки турак үйдүн чатыры, дарбазасы жана эшиктери жараксыз абалга келген. Ал эми Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы маданият үйүнүн 18 чарчы метр чатыры жабыркаган.
Учурда кырсык болгон жерлерде тиешелүү кызматтар тазалоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатышат. Келтирилген чыгымдар такталууда.



