Коом

Бишкектеги Месарош көчөсүнүн бир бөлүгүнө асфальт төшөлүүдө

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Месарош көчөсү Профсоюз көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин улантууда,- деп билдирет муниципалитеттен.

Маалыматка ылайык, бул иштер 2026-жылга карата титулдук тизменин алкагында жүргүзүлүп жатат.

Учурда объектте асфальт-бетон жабуусун төшөө иштери жүрүүдө. Оңдолуп жаткан жол тилкесинин жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.

«Долбоорду ишке ашырууда ресайклер атайын заманбап технологиясы пайдаланылууда. Бул ыкма жол жабуусун бекемдеп, сапатын жогорулатып, анын мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берет.

Пландалган бардык иштер аяктагандан кийин борбор калаанын тургундары жана коноктору заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу жол инфраструктурасын пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышат»,- деп айтылат билдирүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button