Окуялар
Бишкекте 24 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдөн кулап кетти

2-июнь күнү кечинде Бишкекте көп кабаттуу турак үйдүн терезесинен 24 жаштагы кыз кулап кетти. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, окуя тууралуу билдирүү Бишкек ШИИББинин «102» кызматына саат 18:59да түшкөн. Кырсык Аалы Токомбаев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринде болгон.
Укук коргоо органдары каза болгон жарандын өздүгүн такташкан. Ал 2002-жылы туулган М.А. экени аныкталган.
Медициналык документтерге ылайык, кыз 2018-жылдан бери Республикалык психикалык саламаттык жана наркология борборунда каттоодо турган.
Учурда окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.



