Саясат

Көкүлов: Караколдогу үйлөрдү суу сапатсыз түтүктөрдүн орнотулушунан улам каптаган

Караколдогу үйлөрдү суу каптаганынын себептери тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын расмий жообу жалган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов билдирип, шалаакылыкка жол берген күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылды.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал суу каптаган үйлөрдү барып көргөн. Ошондон кийин мекеме айткандай, көп кабаттуу үйлөрдүн жабыркашына таштандыга толуп калган суу түтүктөрү себеп болгон деген версия чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

Депутат турак жайды курган ишкана эң арзан сапатсыз түтүктөрдү пайдаланганын, ал нөшөрлөгөн жаанга туруштук бере албай жарылып кеткенин белгиледи.

«МИК түтүккө таштанды толуп калып, суу каптады деп расмий жооп берген. Бул калп. Дүйнөдөгү эң арзан түтүк орнотулган, катуу жамгырга чыдабай ал жарылып кеткен. Туура эмес да орнотушкан. Ошол себептен суу каптады. Азыр темир түтүккө алмаштырышыптыр, алар талапка жооп береби? Оор да, демек, дубалдар да жарылат эми. Кургай электе шыбап койгону жатасыңар, эртең эле көгөрөт ал. Бул боюнча бирөө жоопко тартылышы керек да. Катуу жаан жаады деп унчукпай койсо болобу? Анда кийинки курулуштар да ошондой боло берет», — деди Көкүлов.

Тектеш кабарлар

Back to top button