Маданият

Байге 3 млн сом. Кырчында кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2-4-сентябрда Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, айтышка Кыргызстандын жана Казакстандын белгилүү төкмө акындары катышып, комуз жана домбранын коштоосунда өнөрүн тартуулашат.

«Алар эки элдин тарыхын, достугун, биримдигин жана бүгүнкү күндүн актуалдуу темаларын ыр саптарына салышат. Иш-чара эки элдин руханий-маданий байланышын бекемдөөгө жана төкмөлүк өнөрдү жаш муундар арасында жайылтууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.

Айтыштын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button