Садыр Жапаров: Кыргызстанда адам укуктары жана сөз эркиндиги мындан ары да сакталат

Кыргызстанда адам укуктары сакталат жана мындан ары да камсыз кылынат, ал эми сөз эркиндиги бар жана келечекте да болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтып, өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине шайланышынан кийин адам укуктары жана сөз эркиндиги боюнча кандай милдеттенмелер жүктөлөрүн түшүндүрдү.
Мамлекет башчысынын айтымында, бийликтин негизги талабы — жалаа жаппоо, жалган маалымат таратпоо, мамлекеттик бийлик бутактарын фактыларсыз каралабоо, улуттар аралык кастыкка үндөбөө, адамдарды аймактык белгилери боюнча бөлбөө жана мыйзамдагы башка талаптарды сактоо.
«Биз 30 жыл бою сөз эркиндиги дегенди көбүнчө ушак-айың, божомол жана негизсиз кептер катары кабыл алып көнүп калганбыз. Буга чейин мындай көрүнүштөргө жетиштүү көңүл бурулган эмес. Азыр бул маселелер боюнча бир катар мыйзамдар кабыл алынып, иш жүзүндө колдонулууда. Негизсиз айыптоолорго көнүп калган адамдар акырындык менен мыйзам чегинде жашоого үйрөнүп жатышат. Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да мыйзам талаптарын сактай башташты», — деди президент.
Ошондой эле ал мурда коомго элдин менталитетине жана салттарына туура келбеген көрүнүштөрдү таңуулоо аракеттери болуп, ар кандай жүрүштөр менен митингдер өткөрүлүп келгенин эске салды.
«Бүгүнкү күндө бардык процесстер мыйзам талаасында жүрүп жатат. Эгер бийлик тарабынан кемчиликтер же каталар болсо, алар тууралуу фактылар жана далилдер менен айткан адамдарга ар дайым “жашыл жарык” берилет», — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент коррупция же мамлекеттик каражаттарды уурдоо боюнча фактылар болсо, ага ким тиешеси бар экенине карабастан ачык айтууга чакырды.
«Мындай жарандар мага жардам гана беришет. Мамлекетке жана элге зыян келтиргендерге эч кандай жеңилдик болбойт. Муну өлкөнүн бардык жарандары көрүп жана жакшы түшүнүп турушат», — деп жыйынтыктады мамлекет башчысы.



