Коом

Кимдер COVID-19га каршы кайра эмдөө алышы керек? Дарыгердин түшүндүрмөсү

Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги июнь айында ревакцинациялоону сунуш кылган, аталган процедура организмде антителолорду кайра иштеп чыгууга түрткү берет. Бул тууралуу Россиянын Медицинаны өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Юлия Ткаченко билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, жаңы штаммдарга каршы жаңыча коргонуу зарыл.

«Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, COVID-19дун жаңы штаммдарынан коргонуу үчүн кандагы нейтралдаштыруучу антителолордун жогорку концентрациясы керек. Организмдеги антителолордун концентрациясын жогорулатуунун жолу кайра эмдөө болуп саналат», — деген дарыгер.

Ал кошумчалагандай, эгер кайра вакцина алынбаса, анда оорунун саны өсүшү мүмкүн.

Ткаченко эмдөөдөн өткөн ар бир адам үчүн ревакцинация керектигин белгилеп,  ага кандай каршы көрсөтмөлөр бар экендигин эске салды. Тактап айтканда, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустук вакцинанын кандайдыр бир компонентине катуу аллергиясы барларга же эмдөөдө жасалган вакцинага катуу аллергиялык реакциясы барларга, 18 жашка чейинкилерге болбойт деди. Андан сырткары, аялдардын эмчек эмизүү мезгилинде да эмдөө сунуш кылынбай турганын кошумчалады.

Убактылуу каршы көрсөткүчтөргө грипп жана өнөкөт оорулардын күчөшү кирет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button