Окуялар

Лев Толстой көчөсүндөгү имаратта чыккан өрттөн болжол менен 400 чарчы метр аянт өрттөлгөн

Бишкектеги Лев Толстой көчөсүндөгү имараттардын биринде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу кабар саат 16:48де түшүп, окуя болгон жерге Октябрь районундагы №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир өрт өчүрүүчү эсеп жөнөтүлгөн. Бир нече мүнөттөн кийин дагы бир эсеп тартылган.

Жалпысынан өрттү өчүрүүгө эки бөлүм катышкан.

Мындан тышкары, окуя болгон жерге автосаты жана ыкчам штаб жөнөтүлгөн.

Өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн.

Өрт саат 17:58де толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button