Өткөн жылда эсеп палатасы 21,4 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады

Эсеп палатасы 2025-жылы жалпы суммасы 21 миллиард 414,9 миллион сом каржылык мыйзам бузууларды аныктаган. Бул тууралуу парламенттин бюджет, каржы, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында палатанын төрагасы Алмазбек Акматов билдирди.
Анын айтымында, аныкталган сумманын 13 миллиард 406,4 миллион сому же 62,6 пайызы мамлекеттик бюджетке кайтарылган.
2025-жылы өлкө боюнча бюджеттик мекемелерде жана мамлекеттик ишканаларда 98 пландуу аудит жүргүзүлүп, жалпысынан 1 миң 636 мамлекеттик түзүм жана ведомстволук бөлүм текшерилген.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мыйзам бузуулардын эң көбү бюджеттик каражаттарды аткарууда жана мамлекеттик мүлктү пайдаланууда катталганы белгиленди.
Аудиттен өткөн мекемелердин ичинен 1 миң 16сы бюджеттик уюмдар болсо, 357си мамлекеттик ишканалар жана акционердик коомдор, ал эми 257си жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер болгон.



