Коом

Калыбек Жумадылов АРИСтин Аткаруучу директору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) Байкоочу кеңешинин 2026-жылдын 4-июнундагы чечими менен Жумадылов Калыбек Аманатович АРИСтин Аткаруучу директору болуп дайындалды.

Дайындоо тууралуу чечим АРИСтин Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан бир добуштан кабыл алынды. 2026-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ТӨМ жана тышкы жардамды координациялоо бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын АРИСтин Байкоочу кеңешиндеги өкүлү Тилек Баянбек жаңы жетекчини АРИСтин жамаатына расмий тааныштырды.

Тааныштыруу учурунда Тилек Баянбек аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкарууну чыңдоого жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган программаларды жана долбоорлорду мындан ары да натыйжалуу ишке ашыруунун маанисин белгиледи.

Ал жаңы жетекчиге ишинде ийгиликтерди каалап, анын кесиптик тажрыйбасы жана башкаруучулук жөндөмдөрү АРИСтин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди. Калыбек Аманатович мамлекеттик башкаруу, укук коргоо ишмердүүлүгү жана коррупцияга каршы күрөшүү тармагында олуттуу кесиптик тажрыйбага ээ.

Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында баштап, ыкчам кызматкерден тартып коррупцияга, экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмдөрүндө жетекчилик кызматтарга чейин эмгектенген. Ар кайсы жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасында жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында жооптуу кызматтарды аркалаган. 2021–2023-жылдары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп иштеп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү маселелерин жетектеген. Кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүндө мамлекеттик инспектор кызматын аркалаган.

Калыбек Жумадылов жогорку юридикалык билимге ээ. Ал Кыргызстандын Эл аралык университетинин юридикалык факультетин аяктап, кийин магистр даражасын алган. Юридикалык илимдердин кандидаты.

АРИСтин жамаатына кайрылуусунда Калыбек Жумадылов жергиликтүү коомчулуктардын потенциалын өнүктүрүү, мамлекеттик органдар жана эл аралык финансылык институттар менен өнөктөштүк кызматташууну чыңдоо, ошондой эле АРИСтин программаларын жана долбоорлорун натыйжалуу ишке ашыруу боюнча иштерди улантууга даяр экенин белгиледи.

Артыкчылыктуу милдеттердин катарында ал ишке ашырылып жаткан демилгелердин натыйжалуулугун жогорулатууну, гранттык жана кредиттик каражаттарды сарамжалдуу жана ачык-айкын пайдаланууну, инвестициялык ресурстарды өз убагында өздөштүрүүнү жана Кыргыз Республикасынын аймактарында туруктуу социалдык-экономикалык жыйынтыктарга жетишүүнү атады.

Тектеш кабарлар

Back to top button