
Бизнесмендин айтымында, Telepathy («Телепатия») түзүлүшүнүн иштеши боюнча алынган алгачкы маалыматтар көптү үмүттөндүргөн жыйынтык көрсөтүүдө.
Маск бул түзмөк ээсине ойдун күчү менен смартфонду же компьютерди башкаруу мүмкүнчүлүгүн берерин жана биринчи кезекте колу-буту иштебей калган адамдар үчүн түзүлгөнүн билдирди.
“Элестетсеңиз, Стивен Хокинг текст жазган адамдан же аукциондун алып баруучусунан тез сүйлөп калса кандай болмок эле. Биздин максатыбыз да ушундай”, — деди Маск.



