Коом

4 пайыздык социалдык ипотеканы ким кантип алат? Жол-жобосу

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын сатуу бөлүмүнүн башчысы Таалай Оморов Спутник агенттигине  мамлекеттик турак жай программасы тууралуу маек берди. 

Үйлүү болсом дегендер үчүн ишке кирген «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле «социалдык ипотека» деп аталган жаңы багыт кошулду.

— Мурда жеңилдетилген ипотека бюджетте иштегендер үчүн төрт пайыз болсо азыр 6 пайыз, ал эми арзан ипотека 10 пайыздан жогору болуп өзгөрүптүр. Себеби?

— Бул жаңы кирген өзгөртүүлөр электрондук порталда 2023-жылдын 15-февралынан кийин берилген арыздарга колдонулат. Ага чейинкилер мурунку тандоо талаптары менен кете берет. Мурда жеңилдетилген ипотека бюджеттик чөйрөдө иштегендерге эле каралса, азыр социалдык багытта жана бюджеттик чөйрөдө көп жылдык эмгек стажы барларга да берилет. Алар да төрт пайыз менен ипотека ала алат.

— Эми социалдык ипотека алуучулардын жаш курагы, төлөө мөөнөтү кандай белгиленет?

— Ипотеканын акыркы мөөнөтүн төлөгөн учурда 70 жаштан ашпашы керек. Демек, 40 жаштагы жарандын 25 жылга ипотека алууга мүмкүнчүлүгү бар. 18 жашында мектепти, 23 жашында жогорку окуу жайын бүтсө, 24 жаштан баштап эмгек стажы санала баштайт. Ошондо 35 жашында 15 жылдык стажга ээ боло алат. Ал эми социалдык ипотека он беш жылдан ашык иштегендерге каралат.

— Социалдык ипотекага кантип катталышат?

— Эч кандай аныктама, документ кереги жок. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кеңсесине да барбайсыз. МИКтин порталына гана арыз жазат. Эгер багытын өзгөртүү кажет болсо, ага да арыз талап кылынат. Ал өзүнүн электрондук жеке кабинетинен жол-жобосун угуп, биле алат.

— Ички миграция абдан күчөп турганда социалдык ипотека алууну каалагандардын саны кандай болууда?

— Азыр ипотекалык турак жайга кезек күткөндөрдүн саны абдан көп. Электрондук порталда 67 миңге жакын адам катталды. 23 миңи каттоодон толук өттү. Алардын 11 миңи кезекте турат, дагы үч миң жарандын арызы кароодо. Көпчүлүгү Бишкек, Ош жана башка шаарлардан түшкөн. Айыл жергесинен аз. Тизменин баары ачык-айкын сайтта жайгаштырылган. Ошол жерден ар бир жаран өз кезегин көрө алат. Арызы кабыл алынса кезекке турган жарандын телефонуна билдирүү келет. Республика боюнча жалпы бир тизме бар. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Нарында гана филиалы иштейт. Башка аймактагы жарандарга жекече келип кезекке турууга кыйынчылык жаралып калат. Ошол себептен катталган жери боюнча үйгө кезекке мамлекеттик банк коёт.

Булак:Спутник-Кыргызстан

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button