АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы Кыргызстанга келди

25-августта Бишкекке көк бөрү боюнча АКШнын курама командасы келди. Бул тууралуу «Көк-Бөрү» эл аралык федерациясы билдирди.
Маалыматка караганда, тогуз оюнчудан турган америкалык команда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештерге катышуу үчүн Кыргызстанга келген.
АКШнын командасы 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтө турган «Бишкек Аренага» барып, стадион менен таанышты.
Спортчулар Бишкекте бир күн болушат. 26-августта Чолпон-Ата шаарына жөнөп кетишип, ал жерде машыгуу өткөрүшөт.
Белгилей кетсек, АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 2014-жылдан бери катышып келет. Бул жолку сапарын «Көк-Бөрү» эл аралык федерациясы каржылаган.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылыш аземи 31-августта «Бишкек Аренада» болот. Андан кийин негизги мелдештер 1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө өткөрүлөт.



