Кардиолог кан басымды дарысыз төмөндөтүүнүн натыйжалуу жолун атады

Кардиолог Соломон У. Бьенсток кан басымды дарысыз төмөндөтүүнүн жөнөкөй жолу катары жөө басууну сунуштады.
Анын айтымында, аз кыймылдаган адамдар үчүн ар кандай сейилдөө пайдалуу. Бирок эң жакшы натыйжага күнүнө 20–40 мүнөт, саатына болжол менен 5 чакырым ылдамдыкта активдүү басуу аркылуу жетүүгө болот.
Дарыгердин белгилешинче, алыс аралыкка сейрек баскандан көрө, тез-тез жөө басуу кыйла пайдалуу.
Ал ошондой эле жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына токтолду. Изилдөөгө катышкандардын баары жумасына жалпы 150 мүнөттөн жөө басышкан. Биринчи топ бул убакытты төрт күнгө, экинчи топ эки күнгө бөлгөн. Жыйынтыгында төрт күнгө бөлүп баскан адамдардын кан басымы кыйла жакшыраак төмөндөгөн.
Кардиологдун айтымында, жөө басуунун пайдасы дароо байкалбайт. Адатта, кан басымдын туруктуу жакшырышы үч айдан кийин сезиле баштайт.



