Коом
Ала-Букада 132 миллион сомго 275 орундуу жаңы мектеп курулуп бүттү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Орукту айылында 275 окуучуга ылайыкталган жаңы жалпы билим берүүчү мектептин курулушу аяктады.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп, долбоордун жалпы баасы 132 миллион сомду түздү.
Мектептин жалпы аянты 1 миң 665 чарчы метрди түзөт. Анда 9 окуу кабинети, лаборатория, 103 орундуу актовый зал, ашкана, окуу залы бар китепкана жана керектүү жабдуулар менен камсыздалган спорт зал каралган.



