«Тулпар» картасы менен 60 мүнөт ичинде акысыз которулуп жүрүүнүн эрежеси

Бишкек мэриясы коомдук транспортто 60 мүнөт ичинде акысыз которулуп жүрүү тартибин түшүндүрдү.
Ага ылайык, алгач 17 сомдук тариф колдонулган каттамда жол кирени «Тулпар» транспорттук картасы аркылуу төлөө керек. Ошол учурдан тартып 60 мүнөттүк убакыт эсептеле баштайт. Бул аралыкта ушундай эле тариф менен жүргөн башка каттамдарга акысыз которулууга болот.
Ар бир жаңы транспортко түшкөндө картаны сөзсүз валидаторго тийгизүү зарыл. Система сапардын акысыз которулуу шартына туура келерин автоматтык түрдө аныктайт.
60 мүнөт аяктагандан кийин кийинки сапар кадимки тариф боюнча төлөнөт. Ошондон кийин жаңы 60 мүнөттүк мөөнөт кайрадан башталат.
Мэрия айрым учурларда каражат дароо эсептен алынбай калышы мүмкүн экенин эскертти. Бул система бардык сапарларды иштеп чыгып, акысыз которулуу тартибин туура колдонушу үчүн убакыт талап кылынганына байланыштуу. Андыктан акчанын дароо алынбай калышы техникалык мүчүлүштүк болуп эсептелбейт.
Акысыз которулуу мүмкүнчүлүгү «Тулпар» картасы менен төлөгөн жүргүнчүлөргө гана тиешелүү. Ал эми жол киреси 40 жана 120 сом болгон экспресс каттамдарда бул жеңилдик каралган эмес.
Ошондой эле эки акысыз которулуунун ортосунда кеминде 10 мүнөт өтүшү керек. Эгер бул убакыт сакталбаса, система кийинки сапарды жаңы жол жүрүү катары эсептеп, жол кирени кайрадан чыгарат.
Мындан тышкары, картаны айдоочуга көрсөтүүнүн зарылдыгы жок. Ар бир отурганда аны валидаторго гана тийгизүү жетиштүү.



