Дарыгер узак убакыт сууга түшүүнүн коркунучтары тууралуу эскертти

Дерматовенеролог, медицина илимдеринин кандидаты Наталья Михайлова узак убакытка сууга түшүү териге терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирди.
Анын айтымында, сууда көпкө жүрүү теринин коргоочу катмарын алсыратып, ар кандай бактериялардын, козу карындардын жана вирустардын көбөйүшүнө шарт түзөт. Натыйжада териде сезгенүү, фолликулит, грибоктук инфекциялар, кыжырдануу жана безетки күчөшү мүмкүн.
Дарыгер деңиз суусунда да узак убакыт болуу зыян экенин белгиледи. Териде калган туз кургактыкты күчөтүп, кыжырданууга жана организмдин суусузданышына алып келиши мүмкүн.
Ошондой эле бассейндердеги хлор жана сууну тазалоочу башка химиялык заттар терини кургатып, аллергиялык реакцияларды, кыжырданууну жана атопиялык дерматиттин күчөшүн жаратышы мүмкүн.
Мындан тышкары, эс алуу учурунда күнгө ашыкча ысып кетүүдөн сактануу керек. Анткени бул теринин май бөлүп чыгаруусун күчөтүп, безеткинин, розацеанын жана купероздун күчөшүнө себеп болушу мүмкүн.



