Коом
Түндүк–Түштүк жолунда таштар тазаланып, каттам ачылды

Түндүк–түштүк альтернативдик унаа жолуна кулаган таштар тазаланды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен саат 09:00 чамасында жолдун 239–243-чакырымында тоо боорунан таштар кулаган.
Аталган тилкеде №24 Жол эксплуатациялоо мекемесинин кызматкерлери тазалоо иштерине киришип, атайын техникалар тартылган.
«Учурда жол каттамы ачык, унаалардын кыймылы үзгүлтүксүз камсыздалууда. Айдоочулардан бул тилкеде этият болуп, жол белгилерин жана тиешелүү кызматкерлердин көрсөтмөлөрүн так сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.



