Саламаттык сактоо тармагы медициналык жабдуулар жана тез жардам унаалары менен жаңыланууда

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагында 21 жаңы объект пайдаланууга берилди, дагы 42 объект ар кандай курулуш баскычында турат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов билдирди.
Анын айтымында, учурда Ош жана Талас шаарларында заманбап перинаталдык борборлор курулуп жатат. Ошондой эле өлкө боюнча ооруканалар менен бейтапканаларды жаңылоо иштери уланууда.
Министр белгилегендей, саламаттык сактоо тармагынын жалпы бюджети дээрлик эки эсеге көбөйүп, 51,9 миллиард сомго жеткен. Бул тармактын материалдык-техникалык базасын чыңдоого мүмкүндүк берди.
Мындан тышкары, өлкөдө органдарды трансплантациялоо сыяктуу жогорку технологиялуу медициналык кызматтар өнүгүп, энелер менен ымыркайлардын өлүмү азайып жатат. Саламаттык сактоо тармагына санариптик системалар киргизилип, медициналык жабдуулар жана тез жардам унаалары жаңыланууда.



