Коом

Исхак Раззаковдун кызы жана небереси Лейлек районуна барышты

Кыргыз Республикасынын Баатыр мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун кызы — Эльмира Раззакова жана анын небереси Берк Раззаков Баткен облусуна келишти.

Аларды Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорттон Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алышты.

Сапардын алкагында алар Исхак Раззаков туулуп-өскөн Коросон айылына, ошондой эле анын мавзолейине барышат. Ал жерде дуба окулуп, эскерүү жана бата берилет.

Мындан тышкары, Эльмира Раззакова Раззаков шаарындагы Исхак Раззаков атындагы музей комплексине да барат.

Ошондой эле Лейлек району, Сүлүктү шаары, Кулунду айылынын тургундары, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер менен жолугушуулар пландалган.

Эльмира Раззакованын Баткен облусуна сапарын Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев колдоп, коштоп жүрөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button