Окуялар

Чүйдүн Корумду жайлоосунан суур аткан жаранга айып салынды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу, Чүй регионалдык башкармалыгынын Панфилов жана Жайыл районунун токойчулары кызматтык рейд учурунда Корумду жайлоосунан мыйзамсыз аңчылык кылган жаранды аныкташты.

Министрликтин маалыматына ылайык, ал жаранга мыйзамсыз 2 суурду аткандыгы үчүн протокол түзүлгөн. Ага административдик айып катары 10 миң сом айып пул салынды.

Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды аңчылык жүргүзүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырат. Мыйзамсыз аңчылыкка жол берген жарандарга карата мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлүп, келтирилген экологиялык зыян толук көлөмдө өндүрүлөрүн эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button