Дүйнө

Конгодо Эболага каршы жаңы дарылоо ыкмалары сыноодон өтүүдө

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Эбола вирусунун сейрек кездешүүчү Бундибугио штаммын жуктурган бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмаларын клиникалык сыноодон өткөрө баштады. Изилдөө Конго Демократиялык Республикасында жүргүзүлүүдө.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, бейтаптарга эксперименталдык антителолордун коктейли жана COVID-19ду дарылоодо колдонулган Ремдесивир препараты күчөтүлгөн колдоочу терапия менен айкалыштырылып берилүүдө.Эгер азыркы эпидемия жыйынтык чыга электе аяктаса, изилдөөлөр келечектеги оорунун жаңы очокторунда улантылышы мүмкүн.

Азыркы учурда Бундибугио штаммына каршы бекитилген вакцина же атайын дарылоо ыкмасы жок.Учурда илдет Конго Демократиялык Республикасы жана коңшу Угандада дээрлик 1600 адамга жугуп, 500дөн ашуун адам каза болду. Бул Бундибугио штаммы боюнча тарыхтагы эң ири катталган эпидемия болуп эсептелет.

Конго Демократиялык Республикасынын Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту билдиргендей, оорунун жайылышын токтотуу аракеттери жергиликтүү тургундардын айрым каршылыктарынан улам кыйындап жатат.

Дарыгерлерге жана ооруканаларга кол салуу, вандализм фактылары катталууда. Өткөн дем алыш күндөрү Түндүк Киву провинциясында инфекциянын алдын алуу тобуна кол салынып, алардын унаасы таш бараңга алынган. Буга чейин жергиликтүү тургундар бир нече медициналык борборду өрттөп жиберишкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button