Дүйнө

Европада катуу ысыктан улам токой өрттөрүнүн жаңы толкуну башталды

Акыркы күндөрү Европанын бир катар өлкөлөрүндө токой өрттөрү миңдеген гектар өсүмдүктөрдү жок кылды. 5-июлда жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр Франция, Грекия, Испания жана Португалияда жалын менен күрөш жүргүзүштү.

Франциянын түштүгүндө жабыркагандар бар, эвакуация жарыяланды

Өрт 4-июль күнү кечинде Чыгыш Пиреней департаментиндеги жетүүгө кыйын аймакта, Перпиньян шаарына жакын жерде чыккан.

Өрттү өчүрүүгө 700дөй өрт өчүрүүчү, 200 техника жана 10го жакын учак менен тик учак тартылган. Өрттөн бир өрт өчүрүүчү жана жергиликтүү тургун оор жаракат алган.

Бийлик 10 миң тургунду эвакуациялоо чечимин кабыл алды. Ошондой эле Франциянын дагы 41 департаментинде 6-июлга карата өрт коркунучу жогору бойдон калууда. Алардын жетөөсүндө эң жогорку кооптуу деңгээл жарыяланган.

Грекияда завод жана токой өрттөндү

Салоники шаарына жакын таштанды кайра иштетүүчү заводдо өрт чыгып, коюу кара түтүн шаардын борборуна чейин жеткен. Бийлик уулуу түтүндөн сактануу үчүн тургундарды терезелерин жаап, сыртка чыкпоого чакырды.

Үч калктуу конуштун жашоочулары жана 157 адам жашаган камкордук мекемеси эвакуацияланды. Өрттү этиятсыздык менен чыгарган деген шек менен 76 жаштагы эркек кармалды.

Испания жана Португалиядагы өрт кырсыктары

Испаниянын түндүк-чыгышындагы Жирона провинциясында токой өртү 3-июлдан бери уланып жатат. EFE агенттигинин маалыматына ылайык, өрт дээрлик 2200 гектар аянтты жалмады.

Португалиянын Возела муниципалитетинде 2-июлда чыккан өрттү өчүрүүгө 1200 өрт өчүрүүчү, 400 техника жана 15 учак тартылган. Жалын 12 миң гектар аймакты каптады.

3-июлда Испания Португалияга жардам катары 120 өрт өчүрүүчү жана 45 атайын техниканы жөнөткөн. 5-июлга карата ири өрт очоктору көзөмөлгө алынганы менен, айрым жерлерде өрт дагы эле уланып жатканын португалиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришти.

Тектеш кабарлар

Back to top button