Кыргызстандын колледждерине кабыл алуунун графиги бекитилди

Кыргызстандын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылы үчүн орто кесиптик билим берүү уюмдарына (колледждерге) абитуриенттерди кабыл алуунун графигин бекитти.
Министрликтин маалыматына ылайык, кабыл алуу өнөктүгү 2026-жылдын 10-апрелиндеги Министрлер кабинетинин №240 токтому менен бекитилген кабыл алуу тартибине ылайык жүргүзүлөт.
Министрликтин буйругу менен педагогикалык адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү ваучерлерин алуу үчүн арыздарды кабыл алуунун графиги, ошондой эле 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн тандоо турлары жана кабыл алуу мөөнөттөрү бекитилди.
Колледждердин педагогикалык адистиктерине тапшырууну каалаган абитуриенттер мамлекеттик билим берүү ваучерин алуу боюнча сынакка катыша алышат. Каттоо 2026-жылдын 13-июлунан 19-августуна чейин этап-этабы менен жүргүзүлөт. Эгер ваучерлер толук пайдаланылбаса, кошумча каттоо этаптары ачылат.
Тандоо турлары:
I тур — 13-июлдан;
II тур — 20-июлдан;
III тур — 27-июлдан;
IV тур — 3-августтан;
V тур — 10-августтан.
Бош орундар калган учурда кошумча кабыл алуу 17–21-август күндөрү өткөрүлөт.
Документтер «Абитуриент Online» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу кабыл алынат. 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн сынак билим тууралуу документтин орточо баасына жараша өткөрүлсө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы негиз болуп саналат.
Ар бир турда абитуриент мамлекеттик билим берүү грантына (билим берүү ваучерине) катышуу үчүн бир арыз, ошондой эле контракттык негизде окуу үчүн бир арыз бере алат.
Порталдын ссылкасы: https://2020.edu.gov.kg/



