Окуялар

Жети-Өгүздө мөңгүдөн түшө албай калган россиялык аял куткарылды

Жети-Өгүз районунда куткаруучулар жаракат алып мөңгүдө калып кеткен Россиянын жаранын эвакуациялашты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июлда Чоң-Жаргылчак капчыгайынын жогору жагында 33 жаштагы Россиянын жараны бутунан жаракат алып, тоодон өз алдынча түшө албай калганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Куткаруучулар аялды деңиз деңгээлинен 4 100 метр бийиктиктеги мөңгүдөн таап, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан соң аны тоодон алып түшүп, ооруканага жеткиришкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button