Мыйзамсыз каттоого алынган эки жүк ташуучу унаа мамлекетке 3,1 млн сом кайтарды

Мамлекеттик бажы кызматы эки жүк ташуучу унаанын мыйзамсыз мамлекеттик каттоого алынганын аныктап, анын негизинде мамлекеттик бюджетке 3 миллион 109 миң 932 сом өндүрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, сөз 2012-жылы чыгарылган эки DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тууралуу болууда. Алар Орусиядан сатып алынганы тууралуу документтердин негизинде Кыргызстанда алгачкы мамлекеттик каттоого коюлган.
Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө Орусиянын ыйгарым укуктуу органдары бул унаалар бажы жол-жобосунан өтпөгөнүн, ошондой эле өлкөнүн ички иштер органдарында катталбаганын жана каттоодон чыгарылбаганын маалымдашкан.
Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган эки унаа боюнча төлөнбөй калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы 3 миллион 109 миң 932 сомду түзгөнү аныкталды.
Аталган факты боюнча материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Бажы кызматынын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Мекеме көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке келтирилген 3,1 миллион сомдон ашык зыян толугу менен өндүрүлгөнүн белгиледи.



