КоомОкуялар

«Шектүүлөрдүн бири анын бир тууган эжеси» Чычкан капчыгайында 23 жаштагы жигит киши колдуу болгон

3-май күнү саат 9:00 чамаларында Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын ичиндеги кафелердин биринин тапчанында денесинде жарааттары бар Токтогул районунун 2000-жылы туулган тургунунун жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, жетекчилиги чыгып кароо жүргүзүлүп тиешелүү материалдар топтолгон. Бул факты Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан 3-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин жана Токтогул РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 2003 жана Токтогул районунун 1991-жылы туулган тургуну (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Шектүү катары кармалгандардын бири — 1991-жылы туулган жаран анын бир тууган эжеси экени маалым болду. Окуяга эмне себеп болгон азырынча белгисиз.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button