«Манас» эпосу алгач ирет хинди тилинде жарык көрдү

Кыргызстанда «Манас жана Махабхарата» эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун расмий ачылышы жана кыргыз элинин «Манас» эпосунун хинди тилине алгачкы котормосунун бет ачары өттү.
«Манас» улуттук академиясынын маалыматына ылайык, жаңы борбор Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо максатында түзүлдү. Борбордун негизги багыттарына «Манас» жана «Махабхарата» эпосторун салыштырмалуу изилдөө, Евразиянын маданий мурасын иликтөө, гуманитардык дипломатияны өнүктүрүү, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү жана жаш окумуштууларды даярдоо кирет.
Иш-чаранын алкагында «Манас» эпосунун хинди тилиндеги биринчи котормосу да расмий тааныштырылды. Котормону индиялык окумуштуулар, профессорлор Хем Чандра Панде жана Рамакант Двиведи Кыргызстандын эл жазуучусу Мар Байжиевдин орус тилиндеги поэтикалык баяндоосунун негизинде даярдашкан.
Басылмага кыргыз эпосунун толук үчилтиги — «Манас», «Семетей» жана «Сейтек» кирген.
Мындан тышкары, «Манас» улуттук академиясы, Эл аралык мамилелерди изилдөө борбору (CSIR) жана Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын ортосунда үч тараптуу кызматташтык тууралуу келишимдерге кол коюлду.
Алар:
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети;
Борбордук Азиядагы Америка университети;
Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети;
Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы;
Эл аралык «Ала-Тоо» университети;
Кыргыз эл аралык университети;
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.



