Жаш төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды

Республикалык “Жаш таңдай – 2026” айтышынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сынакка өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жаш төкмө акындар катышты.
Калыстар тобунун чечими менен төмөндөгүлөр жеңүүчү аталышты:
— Баш байге — Актилек Кулпейишов;
— I орун — Фарида Султанжанова;
— II орун — Кубаныч Жамадилов;
— III орун — Сыймык Искаков.
Ошондой эле жаш акындарды колдоо максатында атайын сыйлыктар ыйгарылды:
— Байэл Макулбековго “Кең-Арал” коому тарабынан Өзбекстанга жолдомо;
— Айтурган Суранчиевага “Музыка” телеканалы тарабынан Өзбекстанга жолдомо;
— Баяман Шакеновго “Музыка” телеканалы тарабынан сыналгы тапшырылды.
Белгилей кетсек, айтыш президенттин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун ишке ашыруу максатында кыргыз улуттук “Манас” театрынын демилгеси менен өткөрүлдү.



