Коом

Чолпон-Атада ШКУ өлкөлөрүнүн жаш окумуштуулары үчүн лагерь ачылды

Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаш окумуштуулары үчүн эл аралык илимий-билим берүү лагери ачылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, «Акылман» президенттик лицейинде өткөн иш-чарага парламент төрагасы, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Россия, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттеринен келген жаш окумуштуулар, окуучулар, профессорлор жана илимий жетекчилер катышты.

Төрага Марлен Маматалиев мындай аянтчалар жаш окумуштуулардын биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга жана өлкөлөр ортосундагы илимий байланышты бекемдөөгө жардам берерин белгиледи.

Лагердин катышуучулары изилдөөлөрүн «Акылман» лицейинин заманбап лабораторияларында жүргүзүшөт. Эки жуманын ичинде жаш окумуштуулар экологиялык химия, биомедицина, кайра жаралуучу энергетика, суу робототехникасы жана астроинформатика багыттарында биргелешкен долбоорлордун үстүндө иштешет. Иш- чаранын жыйынтыгында 14 илимий макаланы даярдоо пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button