Коом
Манас шаарында баасы 1,5 млрд сомдук президенттик “Акылман” лицейи курулууда

Манас шаарында жалпы баасы 1,5 миллиард сомдон ашкан президенттик “Акылман” лицейи курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, лицейдин аянты 2,4 гектарды ээлейт. Долбоор боюнча 360 окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу окуу корпусу, 410 орундуу жатакана жана мугалимдер үчүн 25 батирден турган беш кабаттуу турак үй курулат.
Окуу корпусунда заманбап окуу кабинеттеринен тышкары, узундугу 25 метр болгон бассейн жана учурдагы талаптарга жооп берген спорт залы жайгашат.
Мындан сырткары, лицейдин аймагында эл аралык стандарттарга жооп берген стадион, жеңил атлетика үчүн чуркоо жолу салынып, аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.



