Саясат

Кыргыз жана Өзбек өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

23-декабрдан 27-декабрга чейин Ош шаарында алдыда өтүүчү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо иштерин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдады. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстан Республикасынын аймагында өтөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button