Саясат
Садыр Жапаров Пакистандын президентине комуз белек кылды

Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Ысык-Көл жээгинде жайгашкан Рух Ордо маданий борборуна барышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз элинин бай маданий мурасы менен таанышышты. Ысык-Көлдүн кооз жээгинде кыргыз улуттук өнөрүнүн башкы символдорунун бири болгон комуздун күүлөрү жаңырды.

Урмат-сыйдын жана достуктун белгиси катары Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардариге кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы болгон комузду белекке тапшырды.



