Пайдалуу кеңештер

Стресс жаак муунунун ооруларына алып келет

Стресс жаактын самай-төмөнкү муунунун (ВНЧС) ооруларынын негизги себептеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу жаак-бет хирургу Амир Амини The Independent басылмасына берген маегинде билдирди.

Дарыгердин айтымында, стресс учурунда көпчүлүк адамдар байкабай эле тиштерин катуу кысып же кычыратышат. Мындай туруктуу чыңалуу жаактын булчуңдарына жана муундарына күч келтирип, убакыттын өтүшү менен алардын олуттуу жабыркашына алып келет. Натыйжада кулакка, самайга, моюнга жана белге чейин тараган өнөкөт катуу оорулар пайда болушу мүмкүн.

«Биз жүргүзгөн изилдөөдө жаак муунунун оорулары менен жабыркагандардын 34 пайызы өз жанын кыюу тууралуу ойлонгонун аныктадык», — деди Амир Амини.

Адистин белгилешинче, бул көйгөй көбүнчө жаш аялдарда кездешет. Анын айтымында, ай сайын кабыл алуусуна жаак муунунун бузулушуна байланыштуу ооруга даттанган 80ге жакын жаш аял кайрылат. Эмне үчүн бул оору дал ушул жаш аялдар арасында көбүрөөк кездешери азырынча так аныктала элек.

Дарыгер бул ооруну дарылоонун бирдиктүү ыкмасы жок экенин белгиледи. Белгилерин жеңилдетүү үчүн ар кандай ыкмалар колдонулат. Алардын бири — ботулотоксин сайуу. Ал өтө чыңалган чайноочу булчуңдарды бошоңдотуп, ооруну азайтууга жардам берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button